"Азия Mix" командасынын Жогорку Лигадагы атаандаштары белгилүү болду

24-январда ушул жылдын Шайыр жана тапкычтар клубунун Жогорку Лигасына өткөн командалардын тизмеси белгилүү болгон. Тизмеге "Азия Mix" командасынан тышкары дагы 19 команда кирген.

Жогорку Лиганын бул сезону 16-февралда башталган. Сезондо 4 оюн көрсөтүлөт, ар биринде 5тен команда катышат. "Азия Mix" 11-мартта өтүүчү 3-оюнда ойнойт. Шайыр жана тапкычтар клубунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, анын атаандаштары: "Физтехтин курама командасы", "ГУУ жана МИСиС университеттеринин курама командасы", "Уфа" жана "Русская дорога" АГПУ курамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farm94
2016-02-22 10:33:16
Ийгилик каалайбыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан