ЭЛДИК КАБАР: Кадамжай районундагы Кара-Шоро айылынын жашоочулары уюлдук телефон менен сүйлөшүү үчүн 2,5 саат жол жүрүшөт

Баткен облусундагы Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагына караштуу Кара-Шоро айылынын жашоочулары уюлдук телефон менен сүйлөшүү үчүн 2,5 саат жол жүрүшөт. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады.

“Биздин айылда алыс жакта жашаган тууган-урук менен байланышуу өтө оор. Кемпир-чалдар небере-чөбөрөсү менен бийик тоого чыгып, анан телефон менен сүйлөшүүгө аргасыз болушат. Ушуга байланыш операторлору көңүл буруп коюшса”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ern
2016-02-22 12:21:33
Дагы бизде баары жакшы деп коёбуз, мына интернет мында турсун, сүйлөшүүнүн айласын таппагандар бар бизде, мындайлар көп эле Кыргызстанда.
+5
tatynam_88
2016-02-22 14:02:08
Туура.менин да таежем жашайт Кара Шородо.чындыгында кыйын.олум житимге,той топурга кабар бере албай калып кечиккен учурлар болот.кузундо Текебаевчилер уюлдук байланыш тармагын орнотобуз бизди шайласанар деп добушун алган.убадасын унутту го эмигиче.кары картандар небере чоборолору менен тоолуу аймакта жашашат.кыргыз телеканалдары вообще тартпайт.мировойду тиктеп отурат.тууганчылап барайын десен озбектин 2пограничный зонасынан текшерилип отосун.анда да ички Жана сырткы паспорттун экоосутен керек
+3
tatynam_88
2016-02-22 14:05:46
Кош бойлуу келиндери бир ай мурда район борборундагы тукгандарына барып турушат.жолу алыс,таштуу,кыялап кеткен жол.,бир чети коркунучтуу.карашорого электр берилгенине да аз эле убакыт болду.кыргыз баарына чыдай берет экенбиз чыдап келебиз.куру убада бергендердин эсине шайлоо мезгилинде гана кылт этпесе калам басып барышкан эмес.
+4
KGstan81
2016-02-22 17:53:28
Кечеле тим эле болбой Темир Сариев Кыргызстандын булун бурчуна интернет орнотулат деп мактанды эле .Интернет бери турсун мобилдик байланушуну жакшыраак орнотушсун.
+3
algyr.kg
2016-02-25 19:41:17
туура маселе кторулду мындай маселелерди кечиктирбей чечип бергиле элди кыйнабай бул айылдын туйшугу ото оор tatynam_88 туура айтты !!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан