Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында "Ырдайлы Чубак ырларын" аттуу окуучулар арасында сынак өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады. Анын айтымында, иш-чарага Чубак Сатаевдин туугандары, классташтары, жердештери жана анын талантына таазим кылган адамдар катышып, күбө болуп кетишти.
“Бул кечеге Бакай-Ата районунун акими Канимет Осмонбеков келип, куттуктоо сөзүн айтып, катышуучуларга ийгилик каалады. Сынакты Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектеби уюштурду. Ал эми айыл өкмөтү 10 миң сом бөлүп берди”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.