Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 2-класстын окуучуларынын ата-энелерине "Китеп окуунун зарылдыгы эмнеде?" деген темада ачык сабактар өтүлүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында башталгыч класстардын ата-энелери балдары менен кошо окушат. Мындай иш-чаралар жумасына бир ирет өткөрүлүп жатат. Ачык сабактарда балага туура тарбия берүү жана анын билим алууга болгон умтулуусун жогорулатуу тууралуу маселелер талкууланат”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.