Түркиянын Стамбул шаарында улуу ойчул, дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири жана маданиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкон инсан Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чаранын расмий ачылышы болду. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов баштаган кыргыз жергесинен 35 адамдан турган делегация катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, "Түрксой" уюму тарабынан 2016-жыл “Жусуп Баласагын жылы” деп жарыяланган.
Жусуп Баласагын - дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири. Изилдөөлөргө караганда, ал 1016-жылы азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Бурана эстелиги турган жерде - өз учурунда акындардын, окумуштуулардын, кол өнөрчүлөрдүн шаарына айланган Баласагын шаарында туулган. 50 жашында ал дүйнөгө белгилүү болгон "Куттуу билим" ("Кутадгу билиг") поэмасын жазган.