"Евровидение-2016" сынагында Украинанын атынан Ошто төрөлгөн Жамала ырдайт

"Евровидение-2016" сынагында Украинанын атынан Ошто төрөлгөн Жамала ырдайт. Бул тууралуу кечээ, 22-февралда "Газета.ру" сайты жазып чыкты.

Жамаланын ата-теги крымдык татарлар, ал 1983-жылы 27-августта Ошто төрөлүп, Крымда чоңойгон. Бала кезинен музыка менен алектенип, Украинада, Орусияда жана Европанын дагы башка өлкөлөрүндө ар кандай музыкалык сынактарга катышып келген. 2009-жылы Юрмалада жаштар арасында өткөн "Жаңы толкун" сынагынын жеңүүчүсү болгон. 2011-жылы да "Евровидениенин" тандоо туруна катышып, финалда 3-орунга чыгып, суперфиналдан баш тарткан.

Бул жылы калыстар Жамалага 2-орун ыйгарышканы менен, көрүүчүлөрдүн добушу боюнча 1-орунга чыккан. Жыйынтыгында көрүүчүлөрдүн пикири жеңип чыгып, Украинанын атынан Жамала ырдамай болду. Жамала Стокгольмдо ырдай турган ырын былтыр жазган. Ыр 1944-жылы депортацияланган крымдык татарлар тууралуу.

Аталган сынакка былтыр Украина өлкөдөгү саясий абалдан улам катыша албай калган. Ал эми Орусиянын атынан Сергей Лазарев бармай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Patriot...kg
2016-02-23 11:49:26
Сергей Лазарев Дима Биланга окшош экен
+2
Santanna
2016-02-23 13:26:53
Озунун атын эле айтып чыкпайбы деймда Сусана Джамалова экенго толук аты жону!
+4
bazarkyl
2016-02-23 13:40:04
Автор Ушунар туура эмес. Ошто торолсо Кыргызстан учун чыгып жаткан жокко. Жанагы Бахадыр Кочкоровду да Кыргызстандын атынан чыгып жатат дейсинер андай эмеско. Валентина Шевченко да ушундай. Болбой турган нерсеге кокурок кага бергенинерди койсонорчу.
+16
adimyrza
2016-02-23 14:13:03
bazarkyl,эн туура соз кыргызстанда торолгону болбосо бизге эч кандай пайдасы да кызыгы да жок да
+10
zhusaliev89
2016-02-23 14:41:03
Валентина Шевченко Кыргызстандын аттынан эле чыгып ататго
+2
dubai
2016-02-23 15:18:53
Валентина Кыргызстандын атынан чыгат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан