“Москвада биринчи жолу "Сармерден" болуп өттү”,- деп бүгүн, 23-февралда окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди.
“Кыргыздар таланттарга бай экенине дагы бир жолу ынандым, ыр десе ырды кубулжутуп ырдаган агай-эжейлер кыргыздын улуттук аспаптары менен көңүл көтөрүштү. “Сармерденде” куудул, ырчы эжекебиз Гүлжайна Атаканова жана тамада, комузчу Аскат Турдашов көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Иш-чара келген көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ыраазы болгон мекендештерибиз 2-3 саатка болсо да кыргыз жергесинде жүргөндөй сезимде болушту”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.