“Нарын облусундагы Өрнөк айылында бир жерден гана таза суу чыгат. Андан мал да, адамдар да суу ичишет”,- деп окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, таза суунун жоктугу айылдын негизги көйгөйлүү маселелеринин бири болууда. “Өрнөккө эл 1997-жылдан бери отурукташа баштаган. Азыркы учурда айылда 105 түтүн бар. Союз маалында чыгарылган жалгыз суу чордону бар. Жашоочулар да, мал да ушул жерден суу ичишет. Ар кандай жугуштуу оорулардын жугуп калуу коркунучу болушу мүмкүн”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.