Башкортостан Республикасынын Маданият министрлиги кыргыз өлкөсүнөн жаш аткаруучуларды жана чыгармачылык топторду XVIII Эл аралык "Урал моно" сынак-фестивалына чакырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сынак-фестиваль ушул жылдын 26-28-май күндөрү Башкортостан Республикасынын Уфа шаарында өтөт. Жыл сайын аталган сынакка Кыргыз Республикасынан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусия Федерациясынан жаш аткаруучулар жана чыгармачылык топтор катышышат. Бул түрк тилдүү элдердин арасында эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келген абройлуу сынак-фестивалдардын бири.
Ошондой эле Башкортостандын Маданият министрлиги катышуучулардын чыгымдарын өткөрүп жаткан тарап өз мойнуна аларын билдирген.