Бишкекте бангладештик белгилүү сүрөтчү айым Назия Андаалиб Прииманын "Жашоонун туу чокусу" аттуу көргөзмөсү өтөт. Маданий иш-чара Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде 26-февралдан 8-мартка чейин созулат. Бул тууралуу аталган музейдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, көргөзмөдө акыркы жылдары жаратылган коллаж жана живопись тармактарын камтыган кыркка жакын кол эмгектер коюлган. Чыгармалар көрүүчүгө укмуштуудай ачылыштарга өбөлгө болгон сүрөтчүнүн өзгөчө жан дүйнөсүнө көз тартууга мүмкүнчүлүк берет. Назиянын эмгектери дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө анын инновациялык мамилеси жана өзгөчөлүк ыкмалары менен бааланган.
Көргөзмө Бангладеш Элдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Ардактуу консулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган.