ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндүн Кандава айылында дарылык касиети бар таза суу чыгып жатат" дейт окурман

"Ош облусундагы Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кандава айылында дарылык касиети бар таза суу чыгып жатат",- деп бүгүн, 24-февралда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Бүгүнкү күндө сууга Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан адамдар келишүүдө. Ушул суудан ичкен адамдар сакайып, жакшы натыйжа берип жатканын белгилешти. Көп адам келгенине байланыштуу кезекке туруу үчүн бир дептерге жазылышат. Кезек күткөн адамдардын саны 400дөн ашат",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Guli91
2016-02-24 16:02:00
Кандай ооруларга шыпаа болот экен?
+7
Usow
2016-02-24 16:10:05
Акысыз эле бекен же бир четтен кыйратып атышат бекендер?
+1
balykchy2012
2016-02-24 16:13:58
МаашаАллах Аллах берген суу экен.
+6
jonl86
2016-02-24 16:14:11
Ошол суугада акча толоп калып журболгуло.
0
SHERBOLAT
2016-02-24 16:30:45
Булакты бизнеске айлантып жибербегиле эми
+4
aikol87
2016-02-24 17:01:03
Туура айтасынар эртен тегерегин тосуп сата башташат.кандай ооруларга жардам берет болду экен.
+1
Ayida
2016-02-24 17:03:56
Ассаламу алейкум админ!Суу тууралуу толук маалымат жазып койсонуз!
+1
admin_portal
2016-02-24 17:13:33
Ayida, саламатсызбы! Аракет кылабыз.
+1
samidinova84
2016-02-25 01:45:58
Ayida,бул суу биздин айылда,бойрок ооруларына жакшы.
0
mister_bond
2016-02-24 17:26:10
капчыгы калын адамдар чыгып сатып алат эми ал жерди,анан кайра элге сатат.
0
altyn2015
2016-02-24 17:41:06
Сатылбаса болду эми.
0
MuslimNur95
2016-02-24 19:02:57
СубхаанАллах Аллахым бизге берген неематы шугурлор болсун.
+1
gulkar
2016-02-24 20:00:44
Мындай суулар бар го Ысык Ата,Жети Огуз,Ак Суу,Жыргалан.Жалал Абад деген курорттордо.Жылуу булак деген прям булактан чыгат.Бул суу дагы булактан чыгат бекен,че то трубадан агып атат го.Негизи жердин астынын баары эле сууда,кайсы жагы туура келсе ошол жерден атып чыгат,тан калуунун деле кереги жок.
+1
Pepichi
2016-02-24 20:06:32
бул суу ракка ашказанга сахарга шыпа экен деп уктум
0
karona
2016-02-24 20:47:40
Жакшы экен, ушул суу ооругандардын баарына шыпаа болуп кетсин.
0
orun
2016-02-25 01:30:32
Баткенде Зардылы жайлоосунда, монгунун астынан атырылып чыккан, Жылуу-Суу деп аталган булак бар. Булак козундогу суунун температурасы 80 градус ысык. Аябай дарылык касиети кучтуу. Жумуртка салып койсон 20 минутада бышат.
0
cholponka91
2016-02-25 10:59:16
orun, колмо болуп турабы же мындай эле агабы
0
boris8907
2016-02-25 11:43:29
Бул жанылыкты мен да жазсамбыы деп жургөм. Бул булак жаны эле ачылыптыр. Мен ичип кордум кадимки эле биз ичип жаткан суудай экен (ысык,шор эмес). Дарылыгын ошол айыккандар айтып жатышат. Кезек болгондун себеби бар алып келип сатып жатат 400сом 20литри.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан