Бүгүн, 24-февралда саат 14:00 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунун аймагындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жаш баланын денесин куткаруучулар таап, суудан чыгарышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ал бала досу менен каналдын жанында ойноп жаткан экен. Сууга кулаганда, агым аны тартып кеткен. Издөө иштери бир саатка созулду. Бала эс-учу жок абалында суудан чыгарылып, "Тез жардам" кызматкерлери ага биринчи жардам көрсөтүүгө аракет жасашты. Тилекке каршы, ал өзүнө келген жок",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.