"Sony World Photography Awards" дүйнөлүк фотосынагынын мыкты 50 сүрөтүнүн арасында кыргыз сүрөтчүсү Исфандияр Алимовдуку да бар. Бул тууралуу SUPER.KG'ге сүрөтчү билдирди.
Анын айтымында, бул сынакка былтыр да катышкан, бирок анда ийгилик жылмайган эмес. Быйылкы сынак 4 багытта өткөрүлгөн. Исфандияр Алимов "Адамзаттын эки тарабы" аттуу сүрөтүн сынактын "Жакшыртылган сүрөт" ("Enhanced") багыты боюнча жөнөткөн.
"Былтыркы катты алган соң, быйылкысын ачкандан бир аз кооптондум. Мыкты 50 сүрөткө киргенин окуганда аябай сүйүнүп, бактылуу болдум. Сүрөттө адамдын жакшы жана жаман сапаттары чагылдырылган. Эми ал ушул жылы 22-апрелде Лондондо өтүүчү көргөзмөгө коюлат",- дейт Алимов.
Жалпысынан сынакка 186 өлкөдөн 95 541 сүрөт жиберилген.