Баткен облусуна караштуу Кадамжайдагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагында күн ысыгандыктан, өрүк жана бадам гүлдөчүдөй болуп калды. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына бүгүн, 25-февралда кабарлады.
"Күн ысыганынан өрүк, бадам гүлдөп, бак-дарактар жалбырак байлачудай болуп калды. Быйыл дагы былтыркыдай капысынан күн суук болуп, кар жааса, дагы түшүм болбой калабы деп чочулап жатабыз",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.