Бишкекте белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү дубалга тартылды. Бул тууралуу сүрөттү тарткан "DOXA" арт-тайпасы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Сүрөттү болгарка жана балканын жардамы менен тарттык",- дешкен тайпанын мүчөлөрү.
Маалым болгондой, сүрөт Токтогул көчөсүндөгү имараттардын биринде жайгашкан. Сүрөттү 4 күндө тартып бүтүрүшкөн.
"DOXA" арт-тайпасы Боом капчыгайындагы сүрөттөрү менен белгилүү болгон. Эске сала кетсек, ал сүрөткө жаш активисттер каршы чыгышкан.