Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун арасында "Милициянын жаш досу" аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, сынакта Ала-Бука районунун намысын коргоо үчүн чыккан Үч-Терек орто мектебинин "Шумкарлар" командасы биринчиликти багындырып, облуста өтүүчү сынакка жолдомо алышты. "Аксы жана Чаткал райондорунун командалары да жогорку деңгээлде даярданышкан экен, андыктан бул сынак эң жогорку деңгээлде өттү десек болот",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.