Тарых жана маданият жылына карата Улуттук филармонияда ретро ырлар жаңырат

Тарых жана маданият жылына карата Улуттук филармонияда "Кылым коштоп көөнөрбөгөн ыр дүйнө" аттуу концерт өтөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалым болгондой, концерт 1-мартка белгиленип, анда 60-80-жылдардын аралыгында аткарылган ретро ырлар жаңырат.

Концертке КР Эл артисттери Нуржамал Табалдиева, Анарбек Ибраев, Гүлсүн Мамашева, Эмгек сиңирген артисттер Алтынбек Сапаралиев, Гүлмайрам Момушева, Келдибек Ниязов, Зейнеп Шаакеева, Анара Мадиева, Майрам Дүйшөкеева, Динара Акулова, Султан Каримов, Алина Жетигенова жана белгилүү ырчылар Тамара Исабекова, Аскар Карыбаев, Нурхан Калназарова, Токтобүбү Черикчиева, Айгүл Ирсалиева, Мерген Турган, Чолпон Алсеитова катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан