Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде 8-Март - Айымдардын эл аралык күнүнө карата "Идеалдуу түгөйлөр-2016" сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган сынак кафедралар арасында өттү, ага төрт жуп катышты. Сынак 4 турдан турду:
1. Саламдашуу (түгөйлөр таанышкан күнүн сахнадан жана видеотүрмөк аркылуу көрсөтүштү)
2. Серенада (түгөйлөр дуэт ырдашты)
3. "Мен сени сүйөм!" (түгөйлөр бири-бирине сүйүүсүн арнашты)
4. Интеллектуалдык тур (бул турда түгөйлөргө суроолор берилди)
"Жыйынтыгында англис тилинин грамматикасы жана фонетикасы кафедрасынын студенттери Төрөгелди Сыдыков жана Бакытбек кызы Динара 1-орунду ээлешти. Бул түгөйлөр эми ОшМУнун факультеттеринин арасында өтүүчү "ОшМУнун идеалдуу түгөйлөрү-2016" сынагына катышуу үчүн жолдомо алышты",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.