Бүгүн, 26-февралда Бишкекте бангладештик белгилүү сүрөтчү айым Назия Андаалиб Прииманын "Жашоонун туу чокусу" аттуу көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө акыркы жылдары жаратылган коллаж жана живопись тармактарын камтыган кыркка жакын кол эмгектер коюлган. Чыгармалар көрүүчүгө сүрөтчүнүн өзгөчө жан дүйнөсүн баамдоого мүмкүнчүлүк берет. Назия Андаалибдин эмгектери дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө анын инновациялык мамилеси жана өзгөчөлүк ыкмалары менен бааланган.
Маданий иш-чара Бангладеш Элдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Ардактуу консулдугу менен КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган.
Салтанаттуу аземдин катышуучулары Бангладеш менен кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы маданий диалогду бекемдөөгө жана өнүгүүсүнө, ошондой эле гуманитардык-маданий байланыштарын кеңейтүүгө арналган биринчи көргөзмө экенин белгилешти.
Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде 26-февралдан 8-мартка чейин өтөт.