"Жаратылыш жаздын белгисин билдирип турса да, банктардын биринин Ноокен райондук филиалы Жаңы жыл майрамы менен коштошо албай жатат го. Анда-санда бир келсе да мейли эле. Күндө ишке ушул эшиктен кирип-чыгып жатып байкабагандарына таң калдым. Же кийинки Жаңы жылда дагы тарттырып отурабызбы дештиби, же жетекчилиги байкабаган адамдарбы, түшүнүксүз го..."- деп таң калганын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 1-мартта билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.