ЭЛДИК КАБАР: Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө таза суу үчүн бөлүнгөн акча башка муктаждыктарга берилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө таза суу үчүн бөлүнгөн акча башка муктаждыктарды чечүүгө берилип калган. Бул тууралуу окурман бүгүн, 3-мартта WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө алтын кенди иштеткен кытайлык компания тарабынан 2 миллион сом таза суу үчүн бөлүнгөн. Ошол таза сууга бөлүнгөн акчаны айыл өкмөт башчысы Ж.Өмүралиев таза суу үчүн пайдаланбастан, башка муктаждыктар үчүн берип салган. Акча 2015-жылдын жаз айларында бөлүнгөн, ушул күнгө чейин суу чыгарууга аракеттер жасалган эмес. Бүгүн бул маселе тууралуу чогулуш болду. Ал чогулушка айыл өкмөт башчысы, айыл башы жана жергиликтүү депутаттар катышышты. Чогулуштун акырында 2 миллион сомдон 700 миң сомдой калганы белгилүү болду, ал акча 3 айылга бөлүнүп берилмекчи. Ошентип, таза суусуз калдык",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kg.elik
2016-03-03 17:57:52
Жепжутарлардын болуп алатда
0
maks83
2016-03-03 18:49:46
тейшелуу органдар келип текшерсе жакшы болот эле.ичип жегени абдан коп болуп кетти окшойт.
0
Rifle_3
2016-03-04 10:31:12
Тешип чыгат да тез эле. Ансыз да таза суунун жоктугунан сарык оруусу көп болуп жатат.
0
Mercedes202
2016-03-04 11:27:01
Башын эле жесин ошол суунун акчасын жеп алгандар
0
murat_12
2016-03-04 18:58:46
бизде деле суу чыкпайт крант бар суу жок
0
masha89
2016-03-05 20:15:16
калган 700 мин сом кекиртегинен отуп кете электе эл учун жумшаса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан