Нарын шаарындагы "Алтын балалык" бала бакчасынын Рыскүл аттуу медайымы "балдарыңды чыгарып кет" деп жалгыз бой энени басмырлап жатат. Маалыматты окурман бүгүн, 4-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
Зарина аттуу жергиликтүү тургун балдарын бүгүн бала бакчага алып барса, аталган мээрман айым "Эмнеге балдарыңды майрамдык кечеге ылайыктап кийинтип келген жоксуң? Алып кет балдарыңды..." деп тилдептир.
"Келиндин жолдошу каза болуп калган экен. Балдарын бала бакчага 12 миң сом төлөп киргизген экен. Бүгүн таксиге отуруп, анан ыйлап жатканынан сурасам, ушуларды айтып берди. Мейли, колунда барлардан талап кыла беришсин, бирок карапайым адамдарды кууратпай эле коюшса",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.