АКШнын учурдагы 44-президенти Барак Обаманын студенттик жылдары тууралуу тасма тартылат. Анын жаш кезин америкалык актёр Девон Террелл ойнойт. «Бэрри» деп аталган тасмада 1981-жылы 20 жашында Лос-Анжелес колледжинен Колумбия университетине (Нью-Йорк) которулуп келип окуусун уланткан Обама сүрөттөлөт. Окуу жайда Барак Обама эл аралык мамилелер адистиги боюнча саясат таанууну изилдеген. Ал эми тасмада анын окуудагы ийгиликтерине эмес, келечектеги өлкө лидеринин тайпалаштары жана теңтуштары менен болгон мамилесине көңүл бурулат. Бул тууралуу ТРТ басылмасы кечээ, 3-мартта жазган.
Фильмдин режиссёру - Викрам Ганди. Террелл менен бирге башкы каармандын ролун жаш актриса, модель Аня Тейлор-Жой ойнойт. Тасманын сценаристи - жазуучу Адам Мэнсбак. Тартуу иштери ушул жылдын апрель айында башталат.
Эске салсак, бул фильм учурдагы президенттин жаштык кези тууралуу тартылган экинчи тасма. Буга чейин Барак Обама менен АКШнын келечектеги биринчи айымы Мишелдин ортосундагы мамиленин башталышы тууралуу тасма тартылган. Анда жаш сүйүшкөндөрдүн ролун Паркер Сойерс менен Тика Самптер ойногон.