"Тамашоунун" "Ак калпак" кубогунда 1-орунду "Кыргыз двор" менен "Универсал" командалары бөлүштү (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-мартта Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын "Ак калпак" кубогу өттү. Бул кубокту утууга ат салышкан "Универсал", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Жаштар" курама командалары өз таланттарын 6 сынак боюнча көрсөтүштү.

Алар "Саламдашуу", "Ким тапан?", видеосынак, "Сони плейстейшн" жана "Музыкалык үй тапшырма" сынактары боюнча саясатка, күнүмдүк турмушка, шоу-бизнеске жана башка темаларга байланышкан тамашаларды тартуулашты. Мындан тышкары командалар аркан тартыш оюну боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Күлкү кечесин аталган долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев алып барды. Ал эми оюнчулардын тапкычтыгын жана тапандыгын “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, ырчылар Омар жана Урмат Усенов, актриса Элина Абай кызы, "тамашоучу" Мурат Жалиев, режиссёр Рысбек Жабиров жана Москвадагы метродо аялды куткарган Марат Исаев баалады.

Калыстар тобу 1-орунду "Кыргыз двор" менен "Универсал" командаларына берди. Кийинки орундарда "Позитифф" жана "Жаштар" курама командалары жайгашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mars55
2016-03-05 01:57:42
Азаматтар
0
Zahovic
2016-03-05 04:01:03
Бир упаковка лимонад и все ШЕРМЕНДЕЕЕЕЕЕЕЕ!!!
+3
kaarman89osh
2016-03-05 11:06:09
Zahovic,лимонадпы же наша пивобу
0
Koshaly
2016-03-05 09:12:57
кыргыз двор yess
0
Ailo
2016-03-05 10:18:56
Марат Исаев да отуратго азаматтар)
0
Pandora
2016-03-05 11:40:33
Урмат Усенов не болуп алган сакал койуп озун каары корсотуп алыптыр.
Бир блок пиво бергенден коро бербей эле койбойбу? Пивону сахнанын артында берип,эл козуно башка нерсе берип болсо да бир жылы сендвичта берди эле
0
Sema87
2016-03-05 14:45:38
Видеосун кантип корсок болот урматтуу админ
0
bolotbai3
2016-03-05 15:46:37
Марат Исаев азамат красавчик Квнга калыс болуп.Баардыгы сонун баары жакшы,эми бир азга кашка тишти туздотуп ондоп койсон эн сонун болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан