ЭЛДИК КАБАР: Ошто 90 жаштагы эне 10 жылдан бери гаражда жашайт

Ошто 90 жаштагы эне 10 жылдан бери гаражда жашайт. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады.

"90 жаштагы Зейнеп Абдыкарова 10 жылдан бери гаражда жашайт. Колунда 1 уул, 1 небереси бар. Уулу сарык менен ооругандыктан, оор ишке жарабайт. Небереси жайында иштебесе, кышында эненин пенсиясы менен күн кечирет. Өзүнүн 4 уул, 4 кызы бар эле, бирок 4 баласы каза болгон. Энеге ким жардам бере алат?"- деп суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (58)
azamat.95
2016-03-06 19:28:00
ким мындай адамды кыйынчылыктан чыгарса Аллах аны эки дуйнонун кыйынчылыгынан чыгарат...
+4
josholu
2016-03-06 20:04:34
Ушундай кабарды окусам эле козумо жаш толо тушот.эми ушунча болду бир нерсе кылышаар акчасы барлар.
+3
bekerov95
2016-03-06 21:16:52
Баласы болсо паспорту болсо керек таап бериңизчи элдик кабарга ким жиберседа...
Москвадамын акча которуп койоун. Энеге ден соолук сабыр каалайым!
+9
daniyar84
2016-03-06 21:20:45
4уулу каза болсо 4 кызы тирик болсо керек,кайсыл бала оз апасы гаражда жашаса тынч жатсын кыздары каякта болду экен бизде ар бир адам озун озу баксын деп Аскар Акаев президент убагында айтып кеткен окумот жардам бкришине козум жетпейт бул энеге небересин интернатка берип окутса болмок
-6
bella.bella.bbbb
2016-03-06 21:23:27
daniyar84,кыз болсо алар деле тамак ашын берип жатса керек!
Бул апага үй алып бергенге күчү жетпейтда алардын.
+2
bella.bella.bbbb
2016-03-06 21:24:12
Буйруса баары жакшы болот элдик кабардын кийинки телефонун ушу теманы көтөрүп чыккан адамга бергиле азамат!!!
+1
Kurmanjan94
2016-03-06 21:32:03
Байкуш эне ((((.кабар татыктуу телефонго!
+2
jelek
2016-03-06 21:49:02
ушуну корбогон кошуналарына, туууган уругуна жана мамлекеттик кызматкерлерге нааразычылык билдирем. мусулманбыз деп жашап журобуз да
+1
KursKG
2016-03-06 21:57:25
Ээ байкуш чон эне омуру узун болсун, жардам кылыш керек, бейиш эненин таман астында, эне ыраазы-кудай ыраазы, кана менин ушундай энем болгондо.
+2
jasgul
2016-03-06 22:17:52
Кабар жоноткон адам тактап туруп жонотсо дээр элем. Бул эне кызы Карыбекова Айымкан менен жана тууган уругу менен ошол жерди байырлап келет. Жердиги Мургаптан болот. Мамлекет тарабынан жер болунуп берилген ушул эненин тууган уругу 4 уй булого. Жыл сайын акчалай жардам берилет. Кайрылман деген статус берилген. Кайрылмандык статусу менен жургон жарандарга женилдиктер каралган. Кызы бар болуш керек Мадыда. Изилдоо учун барганда такай жашашпаганы аныкталган.
0
akzuura
2016-03-06 22:28:01
jasgul,80 адамга 8 гектар жер бөлдүк деп 35 адамга сатып салышкан! учурда ошо жерди талап кылып жатышат. ошонун үстүнөн арыз жазып учурда соттошуп жатышат экен 80 адам!!!
Бул кече алынган маалымат!!!
+2
gutler
2016-03-06 23:54:09
akzuura,сен 35адамга болунуп 80 Адам калып калыптыр дегенин туура эмес. Бул сен кеп козгогон жер, мургаптагы келген 1994жылдары Тажикстанда баш аламандыктан качып келген этникалык кыргыздар учун Мады айыл окмотуоно 80уйлуу кыргыздар на болунгон. Бирок айыл окмотунун башчысы Матанбаев Жамшид озу баш болуп, Россиянин гражданы Примбердиев Халил, наркотик менен камалып чыккан Омурзаков Кадырали болушуп башка бироолорго алды 30мин, арты70-80мин сатып жиберишкен. Мына Эми Ошол жерди ала алышпаган эт
0
akzuura
2016-03-07 00:06:54
gutler,35 адамга бөлүнуп 80 адам калып кетиптир деп ичиңизден токубай көңүл койуп окусаңыз)35 адамга сатылып кеткен 80 адамга деп бөлүнгөн жерлер!!!
Ошону учурда соттошуп алабыз деп жатышат арасында ушул энеда бар!
+4
gutler
2016-03-07 16:14:07
akzuura,мен ичимден токуп,мага эмне куч келди дейсин. Менин колумда ушул нерсени далилдоочу документтер бар. Ушул энеге окшошторго Ошол сатылып кеткен жерди кайра алып беруу далалатында,биз чуркап журобузда соттон сотко,телевидениеден телевидение. Ушул энеге окшогондор гаражда жашаган дагы бир ата бар. Андайлар коп,списогу керек болсо менде бар.
0
gutler
2016-03-06 23:56:56
akzuura, мына Эми Ошол этникалык кыргыздар оздоруно болунгон жерди кайтара албай соттошуп журушот.
-4
Rednalf
2016-03-06 23:03:47
Жардам бериш үчүн сөзсүз миллион долларың болушу кажет эмес.Колуңдан келген жардамың бер.Бир нан болсо да.Ар бир адам милдеттүү.
+6
radyakiz
2016-03-07 00:23:56
Бул эне азыр ошто турабы? Тушунгонум боюнча тажикстандан келген кыргыздарбы?
+1
Kroxa
2016-03-07 01:37:38
Кызык он жыл болсо гаражда жашаганы,ага чейин кайда жашаган уйу кайда 90 жаштагы эненин уйу муруун бардыр толук жазбайсынбы кабар бергенден кийин эмне себептен гаражга туш болгонун...эч ким апага конул барган эмеспи???
0
Nazgul83
2016-03-07 05:22:27
Айыл окмоту эмне иш кылып жатышат ошол жерде? 10жылдан бери 10уй салдырмак, же улгайган адамдарды белгилуу даталарда эле эстешеби?
+2
Shaa-82
2016-03-07 16:03:24
точно адресин билгендер жазып койгулачы сураныч.
+2
akzuura
2016-03-07 16:37:07
Shaar-82,оштогу Рамазан базарынын артындагы гаражда жашайт экен аты жөнүн айтсаңыз баары билет экен.
Бүгун иним барып келди манты алып барган экен өзүмда жуумшак манты жегим келип жүрөт элем дептир байкуш эне.
+1
karasuu
2016-03-08 15:14:06
ушул эненин жашоосу жакшы жака озгоруусуно балким кабар билдирген окурманыбыз себепчи болоор...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан