Бүгүн, 5-мартта Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Торгоюм", "Мен сүйгөн менен пайда жок" сыяктуу хит ырлардын аткаруучусу Нурмат Садыровдун тушоо кесүү концерти өтүүдө.
Концерт саат 18:30га белгиленген, бирок 1 сааттан ашуун кечигүү менен башталды. Ырчынын чыгармачылыгын сыйлагандар жана жактыргандар көп экенин залды толугу менен ээлеген күйөрмандар тастыктап турду.
Ырчыны сахнада бийчилер коштоп, концерттин көркүн ачышууда. Кече ээсин куттуктап келген Турдакун Ниязалиевдин “Жубайыма” аттуу ыры жана "Тамашоунун" "Ак Өргө city" командасынын тамашалары көрүүчүлөрдүн өзгөчө кол чабууларына арзыды.
Концерттин алып баруучусу Эмил Эсеналиев көрүүчүлөрдү тамашага салып, кече конокторунун маанайын көтөрүүдө.