Нурмат Садыровдун алгачкы концерти аншлаг менен өттү. Залдын ичи 100 эмес, 101 пайызга толуп, көрүүчүлөр көтөрүңкү маанайда отурушту. Мынча элдин башын бириктирген ырчынын тушоо кесүү концертинде өзүнүн да, аны куттуктап келген ырчылардын ар бир аткаруусу шаңдуу кол чабуулар менен коштолуп жатты.
Кече ээсин колдоп келген жакын достору, ырчылар Данияр Эрматов, Асел Кадырбекова, Алмаз Шаадаев ыр сунушту. Андан сырткары Казакстандан атайын келген дуэт жана ырчы кыргыз ырларын казак тилинде аткарышты. Бир нече бий топторунун чимириле бийлеген бийчилери да концертке көрк кошуп, жагымдуу маанай тартуулап жатышты.
Коцерттин алкагында Нурмат Садыров аткарып жүргөн “Торгоюм” ырынын автору Рыскулбек Турсуналиевдин жубайы Кумар апа да сахнага чакырылып, ага жылуу сөздөр айтылды. Айта кетсек, бул хитке айланган ырды автор жубайына арнап, көзү өткүчө аны “торгоюм” деп айтып келгени маалым болду.