ЭЛДИК КАБАР: Бүгүн Шабдан баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде мас айдоочу унаасы менен көпүрөдөн кулап кете жаздады

Бүгүн, 6-марттан 7-мартка караган түнү саат 00:20ларда Шабдан баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде мас айдоочунун айынан унаанын ичиндеги жүргүнчүнүн буту сынды.

"Айдоочу мас абалда айдап баратып, көпүрөдөн кулап кете жаздаптыр. Анын айынан ичиндеги жүргүнчүнүн буту сынган. "Тез жардам" кызматы "бизде мындан оор абалдагы бейтап бар" деп албай кетип калды, жарым сааттан кийин башка "Тез жардам" келип алып кетти. Айдоочу качып кеткен, туугандары келип, МАИ кызматкерлерин чакыртпай жатышты. Эл ызы-чуу түшүп МАИчилерди чакыртканда 1 сааттан кийин келишти. Анда да бирөө МАИчини четке алып чыгып сүйлөшүп, жол кырсыгын каттаткан жок",- дейт окурман.

Окурман Темир Сариевдин "МАИ кызматкерлери 3 мүнөттүн ичинде келишет" деген сөзү туура эмес чыгып жатканын кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Шабдан баатыр-Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakulya30
2016-03-10 22:15:30
Кудайым сактаптыыр менин айылдаштарым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан