"Азия Микс" командасы бул жылы да КВНдин Жогорку Лигасына катышат. Оюн 11-мартта Москванын Борбордук академиялык театрында орун алат. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз жаштар биримдигинин төрагасы Исламбек Жанболотов SUPER.KG порталына билдирди.
"Учурда команда Москвага келген. Оюнга даярдык иштерин көрүп жатат. Биздин биримдик "Азия Микс" командасына колдоо көрсөтүү менен бирге билеттерди таратуу жана күйөрмандарды табуу менен алектенет, себеби залда команданы колдоп турган күйөрмандар тобу бир топ мааниге ээ",- деди Жанболотов.
Ал эми "Азия Микс" командасынын оюнчусу, шамандын образын жаратып күлкү тартуулап келе жаткан Бактияр Касымалиев төмөнкүлөргө токтолду: "Оюнга кызуу даярдык жүрүп жатат, андыктан бош убакыт жок. Күн сайын, мына үч күндөн бери оюнубузду редакторлорго көрсөтүп жатабыз. Эртең чечүүчү күн, себеби оюнубузду Александр Масляковго көрсөтөбүз. Ал эмне деп айтса, андан кийинки кадамдарыбыз белгилүү болот".
Эске салсак, өткөн жылы “Азия Микс” командасы КВНдин Эл аралык Жогорку Лига союзунун финалына чыга албай калган. Маалым болгондой, 2015-жылдын 7-ноябрында Москва мэринин кубогунда командалар "Саламдашуу", "Капитандар сынагы" жана музыкалык номер боюнча өнөр көрсөтүшкөн. Бишкектик курама “Саламдашуу” сынагында лидерлик орунда болгон, бирок кийинки сынактарда артка кеткен. Жыйынтыгында Москва мэринин кубогун жана финалга жолдомону Дагестан курамасы (Махачкала, Дагестан) жеңсе, экинчи орунду казакстандык "Спарта", ал эми үчүнчү орунду "Азия Микс" алган.