Сергей Лазаревдин "You are the only one" ("Сен жалгызсыӊ") ырына тартылган клиби интернетте бир суткада миллиондогон көрүүчү топтоду. Бул тууралуу "Лента.Ру" басылмасы жазып чыкты. Бул композиция менен ырчы Швециянын Стокгольм шаарында өтө турган "Евровидение-2016" сынагына Орусиянын атынан катышат.
"Бул ырды бүткүл жан дүйнөм менен сүйдүм. Канча жолу айткандарына карабай 8 жылдан бери бул сынактан баш тартып жүрдүм. Ушул чыгарма мени "Евровидение" сынагына катышууга макулдук берүүмө түрткү болду. Бул көп нерсени айтып турат",- деп билдирген Лазарев бул ыры тууралуу.
Ырдын жаралышына Филипп Киркоров баштаган бир нече эл аралык деңгээлдеги команда өз салымдарын кошушкан. Клиптеги башкы каармандын ролун "Орусия периси-2015" сынагынын жеңүүчүсү Владислава Евтушенко ойногон. Клиптин режиссёру - Константин Черепков.
Сынактын жарым финалы 10-12-май күндөрү, ал эми финал 14-май күнү Стокгольм шаарынын "Globe Arena" сахнасында орун алат.
Эске салсак, өткөн жылы Орусиянын атынан ырчы Полина Гагарина катышып, 2-орунду (302 упай) камсыздаган.