1990-2000-жылдардын сексуалдуу мырзалары. Алар кыздардын кыялына айланып, жигиттер бул актёрлордун кийинүү стилинен баштап чач жасалгасына чейин окшоштурууга аракет кылышчу. Бирок убакыт баарын өзгөртөт. Кимдин келишимдүүлүгү жыл сайын артты да, кимдин жаштыгы сүрөттөрдө гана сакталып калды? Анда сүрөттөр сүйлөсүн.
Бен Аффлек. Режиссёр, продюсер, актёр жана "Оскар" сыйлыгынын эки жолку лауреаты Бен Аффлекке өткөн жылдар бир гана көркүнө көрк кошкондой.
Брэд Питт дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырзалардын сап башында турган актёр. Канча убакыт өтпөсүн, дагы деле Питтин курчтугу анын көздөрүнөн көрүнүп турат.
60 жаштагы актёр Брюс Уиллис жаш кезинде көптөгөн күйөрман кыздарынын кыялына айланганы менен, учурда карылык үстөмдүк кылганы байкалып турат.
Түрдүү образдарды жаратуунун чебери, жаш-карынын сүймөнчүгү, бир топ татыктуу ролдорду жараткандыгына карабай "Оскар" сыйлыгы буюрбаган Жонни Деппте дагы деле кыздарды акылдан аздырчу сүр бар.
Карт бойдок аталып, секс-символго айланган актёр Жорж Клуни 2014-жылы сүйүктүүсүн таап, ага баш кошкон эле. Эр ортону элүү жаштан өтүп, чачы эле агарганы болбосо, учурда Клуни сымбаттуулугун жогото элек.
Өз ишинин профессионалы, 007-агенттин ролун аткарган актёр Дэниел Крэйг жыл сайын жашарып бараткандай.
Дүйнөгө белгилүү актёр, кинорежиссёр, «Ылдамдык» («Скорость»), «Матрица» жана башка тасмаларда роль жараткан Киану Ривз жаш көрүнүүнүн сырларын билеби, айтор, аны 50 жаштын суусун ичип жатат деп эч ким айтпайт.
Лео, Лео... Бул актёр тууралуу бир том китеп жазса болот. Миллиондогон кыздардын арзуусу, жадакалса бир кездерде анын чач жасалгасы дүйнө жүзүн "Лео причёскасы" деп каптап кеткен. Таланттуу актёр Леонардо Ди Каприо кыздардын жүрөгүнө чок салганды билгени менен, өзүнүн жүрөгүнө чок сала алчу кызды таппай дале карт бойдок статусун алып жүрөт. Убакыт өзүнүкүн алганбы же "Оскар" сыйлыгын алам деп жүрүп чарчаганбы, айтор, эл сүймөнчүгү бир аз картая түштү.
Америкалык актёр, мурунку боксёр Микки Рурктун сүйкүмдүү жүзү убакыттын өтүшү менен эле эмес, алкоголдук ичимдиктин, баңгизаттын, пластикалык операциянын таасиринде таанылгыстай өзгөргөн.
Бир кездерде тарыхый тасмаларда роль жаратып, айымдардын кыялына айланган Мел Гибсон учурда 60 жашта. Чачын ак басып, бетине майда бырыштар түшкөнү болбосо, актёрдун карылыкка баш ийгени байкалбайт.
Николас Кейж үчүн мезгил токтоп калгандай. Жылдар өткөнү менен, жаш кезиндеги сымбаты бузулган эмес.
Испаниялык мачо Антонио Бандерас кандай тасма болбосун ийине жеткире ойногон актёрлордун бири. Убакыт таасир бергенби, Бандерас азыр экрандан алыстап, мультфильм каармандарынын үнүн коштоо менен алек.
63 жаштагы Пирс Броснан Жеймс Бонддун ролу аркылуу таанылган. Актёр жаш эмес болсо да, карыган актёрлордун катарын толукташына али эрте.
Убакыт баарын өзгөртөрүн Ричард Гирдин ак баскан чачынан байкоого болот.
Том Крузду мезгил бир гана жакшы жакка өзгөрткөнү байкалып турат.