АКШнын тоолуу штаттарынын бири Нью-Мексиконун түндүгүндө тубаса таланттуу Ра Полетт аттуу сүрөтчү жашайт. Ал архитектор да, айкелчи да эмес. Анын хоббиси - ээн жаткан үңкүрлөрдү көрктүү аймакка айландыруу. Сүрөт тартууну өз алдынча үйрөнгөн 69 жаштагы Ра Полетт акыркы 25 жылдык өмүрүн жер астында жомоктогудай дүйнө курууга - укмуштуу үңкүрлөрдү жаратууга арнаган. Чебер сүрөтчүнүн колунан кооздолгон ондон ашык үңкүр Нью-Мексиконун тоо боорлорунда орун алган.
Ар бир үңкүр өзүнүн кайталангыс ички жасалгасы, көңүл эргиткен мыкты архитектуралык дизайны менен өзгөчөлөнөт. Сүрөтчү үңкүрлөрдү "ээн талаанын храмы" деп атайт. Андагы тирөөчтөрдүн кээ биринин бийиктиги 12 метрге чейин жетет. Майда кум-таштарды керемет жайга айланткан искусство чебери эмгектеринин баарын өзү жалгыз жасаган. 2010-жылы баштаган 15-долбоорун акырына чыгарууга дагы 10 жыл керектигин айтат сүрөтчү.
2014-жылы Ра Полетт тууралуу "Үңкүр казгыч" даректүү тасмасы тартылып, "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөндөн кийин анын эмгектерине болгон кызыгуу күч алган. Ага чейин сүрөтчүнүн эмгеги бааланбай, өзү көлөкөдө калып келген.
Сүрөтчүнү көпчүлүктүн көңүл буруусу, атак-даңк кызыктырбайт. Болгону тынч эмгектенүүнү, долбоорлорун акырына чыгарууну жана жасаган жумушунан эргүү алганды жакшы көрөт.
Жер астындагы үңкүр экендиги сезилип туруш үчүн жогорудан жарык түшүүчү жылчыкча калтырып коёт.
Сүрөтчүнүн ишенимдүү жалгыз досу