Бишкекте сүрөтчү Людмила Титова өзүнүн 85 жылдыгына арналган жеке көргөзмөсүн ачты (фоторепортаж)

Бүгүн, 9-мартта Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драм театрында сүрөтчү Людмила Титова өзүнүн 85 жылдыгына арналган жеке көргөзмөсүн ачты. Көрүүчүлөрдүн назарына автордун колунан жаралган ар түрдүү жанрдагы эмгектер коюлган. Алардын арасында портрет, пейзаж, натюрморт, ошондой эле жыгачтан, сөөктөн, таштан жана башка табигый материалдардан жасалган буюмдар бар. Көргөзмө 15-мартка чейин уланат.

Айта кетсек, Людмила Титова 1931-жылы Кабардин-Балкар АССРинде жарык дүйнөгө келген. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин 1945-жылы ата-энеси менен Фрунзе шаарына көчүп келген. Титованын айтымында, ал жаш кезинен көркөм өнөр искусствосуна кызыгып, ар кандай буюмдарды жасоо менен алектенип келген. Өзүнүн кыялын орундатыш үчүн 2008-жылы 77 жашында И.Арабаев атындагы университетинин көркөм өнөр факультетине тапшырып, аны 2012-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошондон тартып сүрөтчү өзүнүн жеке көргөзмөлөрүн өткөрүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан