Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл өкмөтүнүн негизги көчөсүнө "Бозумчак" алтын кенин иштеткен компания суу чачып берүүдө. Маалыматты окурман бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Мындай иштер 8-мартта башталды.
"Көчөнүн узундугу 8 чакырым. Жолдун чаңдабашы үчүн күнүнө 5 ирет чачууда. Бирок күн ысып жаткандыктан, бат эле кургап калууда",- деп билдирди окурман.
Эскерте кетсек, былтыр жайында Көк-Серек айылынын тургундары "Бозумчак" кенин иштеткен "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясына талап коюшуп, жолду буушкан. Алар аталган кенге айылды аралап барчу жолду асфальттап берүүнү, жергиликтүү жашоочуларга компаниядан көбүрөөк орун берүүнү талап кылышкан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.