"Күүгүм" тасмасында кан соргучтун образын жаратып таанылган актёр Роберт Паттинсон эми өзүн дизайнер катары сынап көрөт. Бул тууралуу "Лента.Ру" басылмасы бүгүн, 9-мартта жазып чыкты.
Актёр: "Менин жасап жатканым көп кырдуу. Коллекцияда айымдар жана мырзалар үчүн кийимдер бар",- деп жаңылыктын бир учун чыгарган. Анын айтымында, кийим чыгаруу менен эки жылдан бери алектенет. Буга чейин да Паттинсондун мода дүйнөсү менен байланышы болгон. Ушул жылдын январь айында мырзалар үчүн жаңы атырды алып чыкса, февралда эркектердин кийимдер коллекциясын көрсөткөн.
Испаниялык актёр Антонио Бандерас да өткөн жылы кийимдердин дизайны менен алектенүүнү чечкен эле. Кийим тигүү боюнча окуу курстарына жазылып, модельер болууну көздөгөн. Белгилүү актёрдун бул аракети иш жүзүнө аштыбы же кыялдарында эле калганбы, айтор, Бандерас азыр бул тууралуу ооз ачпайт.