Буттарын суукка алдырган Элмира Гимазитдинованын эки буту 2016-жылдын
25-февралында ампутацияланган. Элмираны Чыгыш-5 кичи районунун аймактык тескөөчүсү, кенже лейтенант Бобиржан Машрабаев жана райондун тургуну (аты-жөнүн жашыруун бойдон калтырууну суранды) 23-февралда көчөдөн оор абалда табышып, "Тез жардам" кызматы менен Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып келишкен. Элмира кечээ, 9-мартта Ош шаарына учуп кеткенин SUPER.KG порталына Элмираны тапкан бишкектик тургун билдирди.
Анын айтымында, Элмираны борбордогу ашканалардын бирине жумушка алышкан. Ал жакта иштеп жүрүп 2015-жылы болжол менен февраль айында жоголуп кетип, бир жыл өткөндө бутун суукка алдырган абалда табылды. Бир жыл бою Элмира каякта жана кимдин колунда болгону белгисиз бойдон калууда. Элмиранын өзүнөн сурашканда, бул суроого жооп бергиси келген эмес.
"Биз таап алып ооруканага алып бардык. Бир аздан кийин Бобиржан телефон чалып "Эже, дарыгерлер Элмиранын бутун кеспесе болбой турганын айтышты. Кестирбей алып калалы, дары-дармегин алып береличи" деди. Доктурларга барсак, ампутациядан бөлөк эч нерсе жардам бербесин түшүндүрүштү. Элмиранын абалы өтө оор. Кыздын гемоглобини 58 болчу, витаминдердин жардамы менен 78ге чыкты. Буттары ампутацияланып жатса, эси ооп сүйлөгүсү келбейт да. Бир аздан кийин депрессияга түшүп өз өмүрүнө кол салышы ыктымал, андыктан ал бирөөнүн көзөмөлүндө болуусу зарыл. Кечээ "Манас" аэропортуна чейин менчик "Тез жардам" менен жеткирдик. Оштогу үйүнүн абалы начар дешкенинен Ош шаардык ооруканасына жеткирилди",- дейт тургун.
Элмира Гимазитдинованын Ош шаарындагы коңшусу Дамира Козубаеванын айтымында, бул үй-бүлөдө төрт бир тууган бар. Эжеси менен агасы психикалык жактан жабыркап калышкан. 1993-жылкы иниси базарда араба түртүп иштейт. Алардын үйү эң үстүнкү кабатта жайгашкандыктан, жамгыр жааганда суу агып, үйдүн абалы начар абалга келгени айтылды.
"Кошуналардан биз менен гана катташышат. Башка эч кимге эшик ачышпайт. Эч кимиси окууну аяктаган жок. Эжеси ооруса да, соода кылып бир аз каражат табууга аракет кылат. Элмира 3-4 жыл мурун ооруп, түнт болуп калды. Анда да дарылоо курсун аягына чыгарган жок. Бишкекке кетип калганына бир жылдан ашты. Кечээ Элмираны келет дешкенде, жолдошум экөөбүз үйүнө кирсек, үйдүн абалы өтө оор экен. Элмираны бул жакка алып келишсе, абалы ого бетер начарлап кетпейби деп, ооруканага алып бардырганбыз",- дейт Козубаева.
Ошондой эле кошуналары аталган үй-бүлөгө жардам берип жатышканын жана Элмираны ооруканага барып көрүп жатышканын кошумчалады.