Ош шаарынан бир жыл мурун Бишкекке иш издеп келген 24 жаштагы Элмира Гимазитдинова быйылкы кыштын суугунда жатарга үйү жок, жер төлөлөрдө жашап жүрүп эки бутун суукка алдырган. Учурда операция аркылуу эки бутунан тең ажыраган кыздын абалын SUPER.KG порталынын кызматкерлери көрүп келишти.
Жабырлануучу кыз 23-февралда борбор шаардагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген. Кыз баш калкалап жүргөн Чыгыш-5 кичи районундагы үй комитетинин башчылары жана аймактык милиция кызматкерлери Элмиранын ал райондо расмий түрдө катталбаганын билдиришкен.
Хирургия борборунун дарыгерлери Элмиранын адамдар менен көп сүйлөшпөй турганын айтышты. Табиятынан түнт кызга бутунун ооруганы да кошумча болуп, адамдар менен сүйлөшүүнү жактырбай жатканы маалымдалды. Жаш кыздын Бишкекке келишине эмне түрткү болгонун сураганыбызда, туугандары менен уруша кетип борборго келе бергенин айтты.
"Алгач көкүрөк жагым катуу ооруп үйдө жатып калдым. Туугандарым акча таппай жатып калганымды жактырышкан жок. Ошонун айынан алар менен уруша кетип Бишкекке келе бергем. Бул жакка келгенде ар кайсы ашканаларда иштеп жүрдүм. Акыркы жолу Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканада иштедим. Жумуш оор болгондуктан, ал жактан да чыгып кеткем. Андан кийин жумуш таба алган жокмун",- дейт Элмира.
Дарыгерлердин айтымында, туугандары Элмираны алып кете албай тургандыктарын билдиришкен.
"Атам кичине кезимде эле каза болуп калган. Апам 2011-жылы бөйрөк оорусунан улам көз жумду. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен үчүнчүсүмүн, менден улуу эжем жана агам бар. Кичүүсү эркек. Окууну бүтпөй, 8-класстан баштап иштеп калгам. Баарыбыз Оштогу базарда жер-жемиш сатып оокат кылчубуз",- дейт жабыркаган кыз.
Хирургдар кыздын үшүк алган буттарын кесүүдөн башка жол калбаганын айтышууда.
"Бейтаптын медициналык карточкасы жок болгондуктан, көкүрөгү ооруганы тууралуу маалыматыбыз жок. Кошумча медициналык кароолордун натыйжасында өпкө оорулары менен ооруганы аныкталган жок. Элмиранын бутунун таман бөлүгүн 3-4-даражада үшүк алып кеткен, андыктан ампутация кылууга туура келди. Ал бизге 23-февралда түшсө, эки күн бою бутун кесүүгө макулдугун бербей жатты. Операция 25-февралда өттү, учурда абалы жакшы, буттары айыгып жатат",- деди хирург Манас Рысбеков.
Бейтапты ооруканадан кийинки аптада чыгарышат, бирок анын кайсы жакка жеткирилери белгисиз.
"Мындай окуялар көп эле болот. Дене мүчөлөрүн үшүккө алдыргандар көп кайрылышат, көбүнүн туугандары алардан баш тартышат. Быйыл эле 20-25тей адам түшүп, алардын үчөөсү каза болду. Барарга жери жок болуп көчөдө калгандар үчүн баш калкалаар жерлер бар, бирок кышкысын толуп калат. Алардын санын көбөйтүү зарылчылыгы бар",- дейт Рысбеков.