Каракол шаарындагы "Бугу эне" зоопаркы каралбай калды. Муну окурман бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Мекенибизде кандай сонун жан-жаныбарлар бар, бирок баалабай жатабыз. Келген коноктор "балдарыбыз зоопаркта эмес, мал сарайда жүргөндөй сезим калтырды" деп мени абдан уялтышты. Чиновниктер, зоопарктын абалын көргүлө. Уят!"- дейт кабар жиберген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.