Мекендешибиз Гүлүм Касымбекова Японияда өткөн "Nodojiman the World-2016" аттуу ыр сынагында 1-орунду багындырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына "Япон-кыргыз биримдиги" уюмунун негиздөөчүсү Ибарат Самакова билдирди.
"Гүлүм Касымбекова Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү. 6 жылдан бери япон ырларын ырдоону өздөштүрүп келет. Япон вокал искусствосуна көптөн бери кызыгып, учурда 10дон ашуун ыр аткарат. Анын экөөсүн атайы Гүлүм үчүн япон авторлору жазып беришкен. Бул ыр сынакка 8 мамлекеттен 18 катышуучу катышкан. Гүлүм баарынан эң көп добуш алып, 1-орунду багындырды",- деди И.Самакова.
Маалыматка ылайык, сынак 8-март күнү өткөн. Ага көптөгөн мамлекеттерден өнөрпоздор катышкан. Эрежеге ылайык, катышуучулар япон тилинде чыгармаларды сахнага алып чыгуусу талап кылынган.