Кыргыз Эл артисти Алиман Жангорозованын 100 жылдыгына карата иш-чара өттү

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алиман Жангорозованын 100 жылдык мааракесине карата иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-мартта билдирди.

Билим берүү башкармалыгы тарабынан улуу таланттын чыгармачылыгы жана жашоосу тууралуу изилдөө иштери көргөзүлүп, архив менен иштөө, эссе, дил баян, реферат, сүрөттөр көргөзмөсү жана тематикалык сааттар өткөрүлдү. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КРнын Кинематографтар кеңешинин департаментинин өкүлдөрү, КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова, Жаш көрүүчүлөр театрынын артисти Марат Жанталиев, коомдук ишмер Турар Рыскулбеков, КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлчач Абдрахманова, журналист Тенти Орокчиев жана башкалар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
perichte
2016-03-10 18:31:14
Алиман Жанкорозованын уй-булосу,бала-чакасы тууралуу кененирээк жазгылачы.
+2
perichte
2016-03-10 18:31:50
тагыраак айтканда урпактары жонундо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан