Ырчы Токтобүбү Черикчиеванын “Биз экөөбүз” аттуу ырынын клиби чыкты. Ырдын сөзү Омор Султановго, обону Рыспай Абдыкадыровго таандык. “Кычыраган кышта клип тарттык. Ырдын аты эле айтып тургандай, мында эки жаштын сүйүүсү тууралуу баяндалат. Клипке ырдын автору Омор Султанов да катышты. Бул эски ырдын аранжировкасын мурда эле даярдап коюп, клип тартканга эми гана мүмкүнчүлүк түзүлдү”,- дейт ырчы айым.