Бишкекке дүйнөлүк балеттин жылдыздары келип, А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Людвиг Минкустун “Дон Кихот” балет спектаклин көрүүчүлөргө тартуулашат. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты. Маалым болгондой, 6-апрелде Санкт-Петербургдагы Михайловский театрынын балет бийчилери Анастасия Ломачева менен Антон Плоом жогорудагы спектаклди кыргыз артисттери менен биргеликте аткарышмакчы.