ЖЫЛНААМА, 17-МАРТ: Таланттуу акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов арабызда болгондо, 80 жылдыгын белгилемек

Таланттуу акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов арабызда болгондо, 80 жылдыгын белгилемек.

Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетин аяктаган. 1965-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган.

Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да иштеген. Салижан Жигитов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (1991-1993), КРнын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси (1993-1995), "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчиси (1995-1996), Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору жана башка кызматтарды аркалаган.

Салижан Жигитов 2003-жылы "Акыйкат жана прогресс" партиясына мүчө болуп өткөн, 2004-жылы "Жаңы багыт" коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон. Ал 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору, жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, татынакай ырлардын да ээси. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Салижан Жигитов 2006-жылы 10-февралда көз жумган. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.

17-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikol87
2016-03-18 08:42:52
Кыйын киши болгон,биздин айылдан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан