Бишкекте колго жасалган буюмдардын жарманкеси болот
Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма
театрында 2-апрелден 7-апрелге чейин колго жасалган буюмдардын көргөзмө-жарманкеси болот. Саат 12:00дөн 19:00гө чейин күн сайын болуучу бул иш-чарада керамика,
жыгач, жибек, булгаары жана башка материалдардан жасалган буюмдар
сатыкка коюлмакчы. Сатуудан түшкөн каражаттын 10 пайызы “Жашоого укук” аттуу
жаныбарлар фондуна берилет.