Салтка айланган "Future Shorts Bishkek" аттуу кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы 29-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө башталат. Маалым болгондой, фестивалда АКШ, Кения, Швеция, Чехиядан тандалып алынган эң мыкты 9 тасма жана анимациялар көрсөтүлмөкчү. Тасма кайсы тилде тартылса, ошол тилде коюлуп, орус тилиндеги субтитр менен коштоло тургандыгы айтылды.