Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова 75 жашын белгилемекчи.
Дарика Жалгасынова 1941-жылы 20-мартта Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган. Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган. Жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылган.
Дарика Жалгасынова опера ырчысы гана эмес, акын катары да белгилүү. Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия" деп аталат. Ал театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында, Кыргыз улуттук филармониясында, Кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө сөз болот.
20-марттын жылнаамасы.