Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылында өрүк бактары эч кандай уруксаты жок кыйылууда. Аны кыйгандар ал жерге күрүч өстүрүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Күрүчтүн 1 килограммы 50 сомдон 100 сомго чейин сатылса, өрүктүн 1 килограммынын баасы андан жогору. Өрүк бактары канчалаган жыл бою өскөн жана андан пайда көбүрөөк го. Өрүк бактарын кыюуга ким уруксат бергени белгисиз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.