"Медиа-порталдагы" эң таасирдүү, популярдуу, терең мааниге ээ чыгармалардын бири - Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" аттуу ырынын клиби. "Үй-бүлө бекем болсо, мамлекет күчтүү болот" дегендей, ырчынын бул чыгармасы жубайлар ортосунда сүйүү, ишеним бири-бирин колдоого түрткү берерин чагылдырат.
"Тарбия берүүдө музыканын таасири күчтүү, ошондуктан музыка аркылуу ыйманды жеткирсем дейм. Эң эле жөнөкөй маселе – азыр жаш келиндер күйөөсү жумуштан чарчап келсе жылмайып тосуп алганды билишпейт. Айрым мырзалар болсо келинчегин "Кечке үйдө эмне кылып отурдуң?" деп жемелешет. Мына ушул сыяктуу түшүнбөстүктөрдөн улам кыргыз жеринде айына 800 үй-бүлө ажырашат экен. Дарыны койсоң жарага тийгендей эле, бул ыр элге алынып кетти. Ыр аркылуу жок дегенде бир үй-бүлөнү сактап кала алдым деп мактанып айта алам",- деп ырчы бизге берген маектеринин биринде билдирген эле.
Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.