Кыргыз ырчылары Түркиядагы фестивалдын алкагында өлкө башчысы Режеп Эрдоган менен жолугушту

"Түрксой" уюмунун Нооруз майрамын салтанаттуу белгилөө иш-чарасы быйыл Түркия, АКШ мамлекеттеринде өтүп жатат. Кыргыз жеринен аталган фестивалга ырчылар Сайра Момунбаева, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Асанова жана кыргыз бийчилери катышып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Гүлжигит Калыковдун менеджери Улук Сапаров билдирди.
"Жыл сайын Ноорузга карата чоң фестиваль өтөт. Быйыл да "Түрксой" уюму тарабынан уюштурулуп, ага биздин өлкөдөн 60тан ашуун чыгармачыл таланттар катышууда. Казакстандын Астана шаарынан келген оркестр, 30дан ашык өлкөдөн келген ырчылар жалаң жандуу үн менен ырдап жатабыз. Маданий иш-чаранын ачылыш аземи 21-мартта Түркияда жогорку деңгээлде болуп өттү. Фестивалга катышкан кыргыздардын арасынан АКШга 12 адам тандалып, 26-мартта барганы жатабыз, жабылуу аземи ошол жакта өтөт.
Кечээ, 22-мартта Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолуктук. Жолугушуу жогорку деңгээлде болуп өттү. Түркиянын өлкө башчысына белекке кыргыз чапанын, камчы бердик. Теракттык жардыруулар көп болуп жаткандыктан, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатты",- дейт фестивалдын катышуучусу Гүлнур Асанова.
Гүлнур Асанова, Гүлжигит Калыков Түркия президенти менен жолугушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ernis.Kadyraliev
2016-03-23 16:48:38
Эмнеге Kirgizstan деп жазып алган Kyrgyzstan дебейби
0
ruslankg
2016-03-23 20:30:44
Ernis.Kadyraliev,алар туркчо жазган биз деле россияны орусия дейбизго
0
Paul
2016-03-24 01:16:26
Молодцы!!! Тамак да жешкен турбайбы корсо!!! Жанылык го. Ха ха.
+2
mahabat.
2016-03-24 03:42:03
ой мен кол алышып учурашкан учурларды видеодон кором деп ойлосом,корсо тиги кыз тамак жедик деп эле показуха видеосун жуктоптур
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан