Тарбиялык мааниси күчтүү клиптердин бири - Эмил Балтагуловдун аткаруусундагы "Ичпечи, апа" ырына тартылган клип. Ырдын сөзүн белгилүү төкмө акын Жеңишбек Токтобеков жазган, обону Эмил Балтагуловго таандык. Режиссёру - Мырзабек Айдаралиев.
Ырчы аталган ырдын клиби тууралуу буларга токтолду: "Клиптин идеясы Мырзабек Айдаралиевге таандык. Бул ыр ушул убакка чейин өзүнүн таасирдүүлүгүн жогото элек. Кайсы жерге барбайлы, ушул ырды көп суранышат. Ырдан таасирленип, көп адамдар ичкилик ичүүнү ташташкан экен. Жеке мага келип айткандар болгон эмес, бирок "Ичпечи, апа" ыры себеп болуп, арак ичкенди калтырган кыз-келиндер, апалар, эркектер көп болгон деп мага айтып калышат".
Эмил Балтагуловдун аткаруусундагы "Ичпечи, апа" ырына тартылган клипти бул жерден көрүңүз.